Камсыздандырылбаган үйдү сатууга, күрөөгө коюуга тыюу салынат

Sputnik
Акыркы учурда жаратылыш кырсыктары да көп катталды. Кыймылсыз мүлктү кайра каттатууда (сатуу, белекке берүү, мураска калтыруу, күрөөгө коюу жана башка) камсыздандыруу полиси талап кылынат. Өкмөттүн тиешелүү токтому 9-августта кабыл алынган. Турак жайды камсыздандыруу шаарларда жылына 1 200 сом, айылдарда 600 сом турат.
Ал эми камсыздандырууга төлөнүүчү каражаттын суммасы кырсыкка кабылган турак жайдын авариялык абалы эксперттер тарабынан анализденген соң гана белгилүү болорун Абдыжалиев билдирди. Ушул аралыкта калктын 30 пайызынын мүлкүн камсыздандыруу иши жүрүүдө.