Республикалык деңгээлдеги унаа жолдордун абалы кандай - коротулган каражатка жолдордун сапаты жооп береби?

Sputnik
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, темир жол бүт өлкөнү тегиз камтый албайт, аба катамдары деле муктаждыкты жаба албайт. Ал эми суу транспорттору бизде жок. Ошондуктан бизде башкы транспорт бул -автоунаалар, башкы жол - автоунаа жолдор. Бул жолку берүүдө дал ушул өлкөнүн кан тамыры болгон унаа жолдор тууралуу кеп кылдык. Тактап айтканда республикалык деңгээлдеги унаа жолдор кандай абалда? Эмнеге төшөлгөн асфальттарга сындар көп болууда?
Ушул жана башка суроолорго Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси Руслан Асаналиев жооп берди.