Көлдө кырсыктап комага түшкөн инспекторду дарылоо кеңешмесине министр катышты

Бейтаптын мээси катуу чайкалып, жоон санынын сөөгү майдаланып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө автоунаа сүзүп кеткен кайгуул инспекторун дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.
Эске салсак, 15-августта трассанын Чолпон-Атага чукул жеринде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил машина сүзүп кеткен. 30 жаштагы инспектор 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн.
Министрлик бейтаптын мээси катуу чайкалып, жоон санынын сөөгү майдаланып сынып кеткенин, башка да жаракаттарды алганын айтты.
"Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө комада жатат, абалы оор деп бааланууда. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган", — деди министрликтен.
Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолуккан. Инспектордун абалы жакшырса мээсине MРТ диагностикасы жасалат.
Нарын: шаарга чукул жердеги үрөй учурган автокырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт