Чүйдүн Жайылында 470 млн. сомдук жер участогу мамлекетке кайтарылды

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу аракеттери уланып жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 31,5 гектар жер өз баасынан төмөн нарк менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталып, мамлекетке кайтарылганын УКМК кабарлады.
1 / 2

Чүй облусунун Жайыл районунда 31,5 гектар жер өз баасынан төмөн нарк менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталып, мамлекетке кайтарылды

2 / 2

Маалыматта 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери "Буудай" ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп, баюу максатында Ак-Башат айылында жайгашкан 31,5 гектар жерди компанияга 185 миң сомго менчикке чыгарып бергени айтылат.

Маалыматта 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери "Буудай" ачык акционердик коомунун жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп, баюу максатында Ак-Башат айылында жайгашкан 31,5 гектар жерди компанияга 185 миң сомго менчикке чыгарып бергени айтылат. Бул жерде учуп-конуучу тилке, уулуу химикаттарды сактаган кампа болуп, кийин "Буудай" ААКы тарабынан башка курулуштар да салынып кеткен.
"14-августта жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган жер участогунун баасы 470 миллион сом экени аныкталган. Жер мамлекеттин балансына кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлектке кайтаруу аракеттери уланып жатканын кошумчалады.
Токмоктогу менчикке берилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды