РФ ТИМи: ЕАЭБде төлөмдөрдүн 90%ы улуттук валютада жүргүзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигинде төлөмдөрдүн 90 пайызга жакыны улуттук валютада жүргүзүлөт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэль Агасандян РИА Новостидеги маегинде билдирди.
"Эгерде улуттук валюталарды өз ара эсептешүүлөрдө колдонуу боюнча статистика жөнүндө айта турган болсок, бул көрсөткүч болжол менен 90 пайызга жетет", — деди Агасандян.
Ал кошумчалагандай, ЕАЭБ мүчөлөрү саясий басымдын ыкмасына айланган Батыштын каржы куралдарын колдонуу тобокелдиктерин азайтуу зарылдыгын түшүнүшөт.
ЕАЭБ БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрөт