ЕАЭБ БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрөт

Өндүрүштүк комплекстерди түзүү жана модернизациялоо артыкчылыктуу багыттардын бири болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян Нижний Новгороддо өткөн БРИКС өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин жыйынында сүйлөдү.
"Эл аралык аренада экономиканын чордонуна айлануу ЕАЭБдин артыкчылыктуу багыттарынын бири болот. Ошондуктан биз үчүн БРИКС өлкөлөрү менен реалдуу сектордо кызматташууну тереңдетүү маанилүү", — деген Барсегян.
Ал ошондой эле кызматташтыктын келечектүү багыты катары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүштүк комплекстерин түзүүгө жана модернизациялоого инвестиция тартууну атады. Мындан тышкары, алдыңкы технологияларды трансферттөө системасын калыптандыруу, ЕАЭБ үчүн бирдиктүү санариптик сервисти түзүү зарылдыгын кошумчалады.
Министр ЕАЭБ-БРИКС форматын өнөр жайды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жыл сайын талкуулаган аянтчага айлантууну сунуштады. Анын айтымында, активдүү кызматташуу интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдө олуттуу практикалык натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Радио
Мамытов: БРИКС келечекте Бириккен Улуттар Уюмунун ордун басат