Бишкектин четинде автоунаа сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду

Каргаша түндө болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Восток айылында велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы баланы автоунаа сүзүп, каза болду. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматта каргаша түндө болгону айтылат. Subaru автоунаасынын 52 жаштагы айдоочусу Бишкекти көздөй, ал эми улан каршы тараптан келе жаткан. Бала алган жаракатынан окуя катталган жерде каза болгон.
Айдоочунун тергөөчүгө жеткирилгени айтылы. Иликтөө жүрүп жатат.
Нарын: шаарга чукул жердеги үрөй учурган автокырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт