Улуттук банк РФтин санкциядагы банктары менен иштешпөөнү талап кылдыбы? Расмий жооп

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири булактарына таянуу менен Улуттук банк коммерциялык банктарды санкцияга кабылган Россиянын каржы мекемелери менен иштешүүнү токтотууну талап кылып жатканын жазган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Улуттук банктан бул боюнча комментарий берүүнү өтүндү.
“Тазабек” басылмасынын маалыматы боюнча, Улуттук банк банктардан “OFAC, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген ишканалар” менен кызматташтык мамилени токтотууну талап кылган. Кеп “Сбербанк”, “МТС Банк”, “ТБанк” (мурдагы “Тинькофф") жана “Мир” төлөм системаларынын операторлору тууралуу болуп жатат.
Маалыматта бул кайталап салынган санкцияларды алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чара экени айтылат.
“Коммерциялык банктар өлкөнүн банк системасына эл аралык санкциялардын терс таасирин тийгизбөө үчүн иштеп жатышат. Кайталап киргизилген санкциялардын тобокелдигин азайтуу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмелерде жоктугун кылдат кароо боюнча чаралар көрүлүүдө", — деп жооп беришти Улуттук банктан.
Акылбек Жапаров: санкциялардан коркпойбуз, алар менен деле жашоо уланат