Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Алаудинов: Украина күчтөрүнүн аракеттери бүткүл Курск облусунда токтотулду

Генерал-майордун айтымында, душмандын негизги ресурстарын жана алдыдагы эшелондорун жок кылууга мүмкүн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Курск облусунун бардык аймагында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү токтотулуп, каршылаш тараптын негизги ресурстары жок кылынды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Апти Алаудинов РИА Новостиге билдирди.
"Алгачкы күндөрү душмандын негизги күчтөрүн токтотуу менен алек болуп, ийгиликке жетиштик. Каршылаштардын аракети бүткүл периметр боюнча токтотулду", — деди Алаудинов "Россия 1" телеканалынын эфиринде.
Ал душмандын негизги ресурстары менен алдыдагы эшелондорун жок кылууга мүмкүн болгонун кошумчалады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү 6-августта эртең менен Курск облусунун аймагын басып алуу максатында чабуулга өтүп, алардын алдыга жылышы токтотулган. 19-августта Россиянын Коргоо министрлиги Курск багытындагы салгылашууда Украинанын Куралдуу күчтөрү 3,8 миңге жакын аскер кызматкерин жана 54 танкын жоготкондугун билдирген.
Курск, Белгород жана Брянск облустарында антитеррордук операция режими киргизилди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Guardian: Курскинин алдындагы украин күчтөрү ирденип кете албайт