Садыр Жапаров Россияга жаңы дайындалган элчини кабыл алды

Бөкөнтаев элчи болуп 5-августта дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын Россиядагы жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы элчиге жооптуу дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын Россиядагы жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Мамлекет башчы элчиге жооптуу дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи

Президент эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.
Бөкөнтаев өз кезегинде Кыргызстан — Россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пландар тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, Бөкөнтаев элчи болуп 5-августта дайындалган.
Россия сала турган 9 мектептин үчөө жакында курула баштайт