Россиянын алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрү Ысык-Көлгө келишти. Видео

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Кыргыз-Россия билим берүү тармагындагы инновацияларга арналган жарманке өтүп, ага Россиянын 80дей алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда.
Sputnik
Иш-чарада билим берүүгө инновациялык методикаларды киргизүүгө жардам бере турган жаңы инструменттер көрсөтүлдү.
"Биз бул жакка билим берүүдөгү мыкты саамалыктарыбызды алып келдик. Кызыгуу туудурат деп үмүт артабыз. Россия Кыргызстанды дайым колдойт, өлкөнүн билим берүү тармагында ири өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап келебиз", — деди РФ президентинин аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков.
Жарманкени Россиянын Агартуу министрлиги, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган.
Тема боюнча:
Кыргызстандык мугалимдер россиялык кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнөт