Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Алаудинов: россиялык аскерлер Суджанда украин армиясынын аракеттерин токтотту

"Ахматтын" командиринин айтымында, алар каршылаштарды акырындык менен жок кылып баратат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Россиялык аскерлер Курск облусунун Суджан районунда украин күчтөрүн токтотуп, аларды пландуу түрдө жок кылып жатат. Бул туурасында "Ахмат" атайын даярдыктагы тобунун командири, Коргоо министрлигинин аскердик-саясий башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Апти Алаудинов РИА Новостиге айтып берген.
"Суджан багытын көздөй бараткан каршылаштар токтотулуп, пландалгандай жок кылынууда", — деген ал.
Командир аталган аймакта украиналык күчтөр менен "Ахматтын" аскерлери кармашып жатканын белгилеген.
Эске салсак, 2024-жылдын 6-августунда таңга маал украин аскерлери Курск облусунун аймагына чейин кирип келишкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген.
19-августта РФтин Коргоо министрлиги Курск багытында украин армиясы 3800гө чукул аскери менен 54 танкасынан ажырагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Guardian: Курскинин алдындагы украин күчтөрү ирденип кете албайт