РФ ТИМи: мигранттар арасында кылмыштуулук азайганы байкалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги көргөн чаралардан кийин чет элдик жарандар кылмыш жасаган тенденция азайды. Бул туурасында ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram каналына жазган.
Анын маалыматына таянсак, 2024-жылдын жети айында жалпысынан алганда көрсөткүч дээрлик беш пайызга түшсө, ал эми мигранттар арасында 3,1 пайызга ылдыйлаган.
Чет элдиктердин өзгөчө оор жана оор кылмыштарды жасашы 9,2 пайызга түшкөнү айтылды. Мунун ичинде өлтүрүү жана кол салуу 14 пайызга, зордуктоо, асылуу (сексуалдык кол тийбестик жана сексуалдык эркиндикке каршы) 2,5 пайызга, ал эми баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштар 21,7 пайызга азайганы белгиленген.
Изилдөө: россиялыктардын 81 пайызы мигранттарга оң көз карашта