Кыргызстандык мугалимдер россиялык кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнөт

Кыргыз билим берүү академиясында өзгөрүүлөр болорун, алардын кошумча тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүктөрү жараларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстан (КББА) менен Россиянын билим берүү академиясы кызматташа турган болду.
Документке Кыргыз-Россия билим берүү жарманкесинин алкагында кол коюлду.
КББА директору Назира Дүйшеева бул кызматташуунун негизинде россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша тургандыктарын айтты.
1 / 3

Кыргызстан (КББА) менен Россиянын билим берүү академиясы кызматташа турган болду.

2 / 3

Документке Кыргыз-Россия билим берүү жарманкесинин алкагында кол коюлду.

3 / 3

КББА директору Назира Дүйшеева бул кызматташуунун негизинде россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша тургандыктарын айтты.

"Мындай келишимге кол коюлгандыгына кубанып жатабыз. Биздин мугалимдер Россиянын билим берүү академиясынын эмгектери менен тааныш. Алар педагогикалык тармакты бардык жагынан камтып келишет. Бул макулдашуу биздин биргелешкен иликтөөлөрдүн негизи болот деп ойлойбуз. КР менен РФтин ортосундагы мамлекет аралык макулдашуу билим берүү системасына да тиешелүү. Дүйнө алмашып, өзгөрүп турган маалда баарыбыз биргеликте интеграция болуп, албетте, программаларды, стандарттарды жалпылаштырууга багыт алышыбыз керек. Бул макулдашуунун алкагында мугалимдерибиз Россияда окуп, үйрөнүп, тажрыйба алмашат", — деди Дүйшеева.
Россиянын билим берүү академиясынын президентинин орун басары Жанна Садовникова алардын окуу жайы КББА менен жакынкы эки жылга биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгууга даяр экендигин айтты.
"Кыргыз билим берүү академиясында өзгөрүүлөр болмокчу. Ал үчүн иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек, тигил же бул процесстерди кабыл алууга негизделген илимий база керек. Бизди күтүп турган алдыдагы иштерди угуп, көрүп, кол коюлган макулдашуулардын алкагында эки жылга биргелешкен план иштеп чыгышыбыз керек. Мында биз жардам бере алган жана пайдалуу болчу учурлар эске алынышы керек", — деди Садовникова.
РФтин билим берүү системасынын өкүлдөрүнө КР ЖОЖдору боюнча айтып беришти. Видео