Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүгө акы алуу мыйзамы күчүнө кирди

Жакынкы арада республиканын министрлер кабинети кайра иштетүү үчүн төлөмдүн тарифтерин бекитет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү акысы тууралуу мыйзам күчүнө кирди.
Документке ылайык, майлоочу майлар, аккумуляторлор, коргошун аккумуляторлору, электр унааларынын аккумуляторлору, дөңгөлөктөр, электрондук жана электр жабдуулары, турмуш-тиричилик техникалары, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн фильтрлер, ошондой эле картондон, каучуктан, пластмассадан, полимерлерден өндүрүлгөн товарларды жана товарлардын таңгагын кайра иштетүү акысы алынат.
Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдиргендей, жакынкы арада министрлер кабинети кайра иштетүү үчүн төлөмдүн тарифтерин бекитет, бул нерсе айрым товарларга баанын өсүшүн шартташы мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, төмөнкү товарлар кайра иштетүү акысынан бошотулат:
Кыргызстанга жардам катары же кайрымдуулук максатында мамлекеттер, өкмөттөр, эл аралык уюмдар аркылуу ташылып келген товарлар;
дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же консулдук мекемелерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган эл аралык уюмдарга, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
улуттук коопсуздукту, коргонууну, укук тартибин камсыздоону, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн арналган.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү жана кайра иштетүү акысын төлөөчүлөрдүн категорияларын тактоону караган таштанды үчүн төлөм жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырган.
Документтин негизги максаты – калдыктардын бардык түрлөрүнөн экологиялык жана экономикалык пайда алуу. Бул нерсе чар-жайыт полигондордун санын кыскартууга жардам бериши керек.
Акылбек Жапаров: Кыргызстан өзүн амбициялары бар өлкө катары таанытууга тийиш