Кыргызстан менен Россиянын окуу жайлары кандай документтерге кол коюшту. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 21 авг — Sputnik. Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдердин кыргыз-орус жарманкеси өтүп жатат.
Иш-чарага Россиянын 80ден ашык окуу жайы катышууда. Анын алкагында эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда түрдүү документтерге кол коюлду:
1 / 3

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдердин кыргыз-орус жарманкеси өтүп жатат

2 / 3

Иш-чарага Россиянын 80ден ашык окуу жайы катышууда

3 / 3

Анын алкагында эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда түрдүү документтерге кол коюлду

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту менен М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда маданий, илимий жана билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институту менен Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы эл аралык илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;
Республикалык "Балажан" эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору менен Бүткүл россиялык көркөм чыгармачылыкты жана гуманитардык технологияларды өнүктүрүү борборунун ортосунда кызматташуу жана биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
Республикалык "Балажан" эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору менен Россиянын "Татыктуу билим берүү" фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы менен Россиянын билим берүү академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
Россиянын алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрү Ысык-Көлгө келишти. Видео