Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жаатындагы жаңы келишимдери. Видео

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Россиянын билим берүү боюнча кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү.
Sputnik
Чок-Тал айылында уюштурулган кыргыз-орус билим жарманкесинде эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда бир нече келишимге кол коюлду.
Алардын арасында Бишкек музыкалык педагогикалык институту, Шадринск жана Башкыр университеттери, Кыргыз техникалык университети, ошондой эле "Балажан" жана "Татыктуу билим үчүн" борборлору бар.