Кыргыз-кытай чек арасында жаңы көзөмөл-өткөрүү жайы сентябрда ачылат

Жаңы бекет Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эл аралык маанидеги транспорттук-логистикалык коридорго айланат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктун сентябрь айында расмий ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, өкмөт башчынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү бекеттерин башкаруу боюнча мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолуккан.

"Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле Барскоон — Үч-Турпан — Аксу унаа жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен "Бедел" бекетин ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта "Беделдеги" көпүрөнүн курулушу бүткөн. Ал эми калган эл аралык стандарттарга ылайыкталган толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары ишке ашырылмакчы.
Жолугушуунун соңунда жаңы көзөмөл-өткөрүү пункту Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эл аралык маанидеги транспорттук-логистикалык коридорго айланары белгиленди.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоочу өкмөттүк топтордун жыйыны өттү