Радио

Ата-энеси жок балдар 500 миң сомдук депозитти кандай максатта колдоно алат?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Максат Туларбек кызы "Келечекке салым" депозити кандай шартта берилерин айтты.
Sputnik
Депозит үч багытка берилет. Ал ден соолугун чыңдоого, билим алууга жана турак жай алууга же жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу Максат Туларбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Балдар кодексине ылайык, бул категориядагы бөбөктөргө ата-энесин бирдей жоготкондор, каза болуп калган жалгыз бой эненин же атанын балдары жана ата-энесинин кайда экени белгисиз балдар кирет.
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити президенттин жеке демилгеси менен ишке ашырылып отурат. Жарлыктын негизинде 2024-жылдын 1-июнунан баштап депозит киргизилери айтылган. Министрлер кабинетинин токтому менен аталган депозитти ачуу, каражат менен толтуруу жана 18 жашка чыккан балдардын акчаны пайдалануусунун тартиби бекиген. Депозитти берүүдө томолой жетим балдардын жана анын камкорчусунун катышуусу талап кылынбайт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерден томолой жетим балдарды аныктап, тизмесин "Айыл банкка" жиберет. Андан кийин ал баланын атына 500 миң сомдук депозит ачылат. Депозит банктык пайыздын негизинде толтурулат. Балага жана анын камкорчусуна депозит ачылганы тууралуу эсеби кошо жазылып кабарланат. Бул акча каражаты 18 жашка толгонго чейин толуктала берет. Андан кийин бала депозитти үч багытка жумшай алат. Ал ден соолугун чыңдоо, билим алуу жана турак жай алуу же жакшыртуу үчүн берилет. Мисалы, бала окууга тапшырса банкка аныктама кагазын алып келет, андан соң келишим акысы окуу жайдын кассасына түз төлөнүп калат. Колго накталай акча албайт. Айрым учурда 18 жаштагы бала оюн токтото элек болот же акчаны кайда жумшаарын билбей калат. Андыктан токтомдун негизинде каражат бала 25 жашка чыккыча банкта тура берет. Бирок 18 жаштан кийин депозит жабылып, андан кийин банк азыраак пайыз менен акчаны сактап турат. Эгер 25 жаштан кийин акчасын албаса, анда ага кереги жок катары кабылданып, мамлекет каражатты алып коёт", — деди Туларбек кызы.
Ал өлкөдө 2 853 жетим бала бар экенин кошумчалады.