Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл" күмүш монетасын чыгарды

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Улуттук банк бүгүндөн тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарганын кабарлады.
Жаңы монетанын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоону чагылдырган "100" деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле "жыл" деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу ак илбирстин сүрөтү, монетанын номиналы "10 сом" жазылган. Жогору жагында Ала-Тоо түшүрүлүп, тегерете "Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет" деген жазуу жайгашкан.
"Монетанын арткы бетинде Ала-Тоодо кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда республиканын герби жайгашкан. Оң жана сол тараптарында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" жазуулары түшүрүлгөн. Төмөн жагында монета чыгарылган жыл, металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн", — деп жазылат маалыматта.
Аталган монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сомдон сатылат.
Улуттук банк санарип сомду пайдалануу, жөндөө боюнча мыйзам долбоорун даярдады