Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Индия Россия менен Украинага түз ортомчу боло албайт

Моди Россияга расмий сапары менен 8-9-июлда барган, бул анын Москвага беш жыл ичинде жасаган алгачкы визити болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Индия Россия менен Украинага түз ортомчу боло албайт, бирок эки өлкөнүн билдирүүлөрүн бири-бирине жеткирүүгө көмөктөшө алат. Бул тууралуу Hindustan Times гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин NDTV телеканалы Индиянын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө таянуу менен өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди 21-23-август күндөрү Украина менен Польшага барарын билдирген.
"Индия Россия менен Украинага түз ортомчу боло албай турганын, бирок эки өлкөнүн билдирүүлөрүн бири-бирине жеткирүүгө жардамчы боло аларын так көрсөттү", — деп жазылган гезиттин маалыматында.
Эскерте кетсек, Моди Россияга расмий сапар менен 8-9-июлда барган, бул анын Москвага беш жыл ичинде жасаган алгачкы визити болуп калды. Премьер РФ президенти Владимир Путин менен жолугуп, лидерлер "Россия" көргөзмөсүндөгү АТОМ павильонуна барышкан. Буга катар делегациялардын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүүгө кол коюлган болчу.
Кийинчерээк Владимир Зеленский Моди менен Путиндин жолугушуусун сынга алып, аны "тынчтык орнотуу аракеттерине жасалган оор сокку" деп атаган.
Ал эми Владимир Путин 12-августта Украинанын Курск облусуна жасаган чабуулунан кийин Киев менен сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу айтып жатып, жай тургундарды жана жарандык инфраструктураны ылгабай аткылаган тарап менен эпке келүү мүмкүн эместигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лукашенко: сүйлөшүүгө макул болбосо Украина биротоло жок болот