БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркын ижарага берүүгө ниеттенүүдө.
Аукциондо ижара акынын баштапкы баасы айына 600 миң сом деп белгиленген. Парктын жалпы аянты 5,5 гектарды түзөт. Анын аймагында 577,9 чарчы метрлик имараттар бар.
Ижарага ала турган тараптарга коюлган шарттар:
бак-дарак отургузуу;
паркты жашылдандырып, тазалыгын сактоо;
камераларды орнотуп, аттракцион койдурууга документтерди алуу;
коммуналдык кызматтарды төлөп, чар-жайыт соода-сатыкка жол бербөө;
жылына кеминде беш ирет жетим жана майыптыгы бар балдарга көңүл ачуучу оюндарды өз эсебинен уюштуруу.
Аукцион 20-сентябрда өтөт. Ага катышууга ниети барлар үчүн инструкция жарыяланды.