Азербайжан БРИКСке кошулууга расмий арыз берди

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Азербайжан БРИКСке кошулууга расмий арыз берди. Маалыматты Sputnik Азербайжан агенттигине өлкө ТИМинин маалымат катчысы Айхан Гаджизаде тастыктаган.
Билдирме качан жөнөтүлгөнүн ал тактаган эмес.
Июлдун башында Шанхай кызматташтык уюмунун Астанадагы саммитинин алкагында Азербайжан менен Кытайдын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча декларация кабыл алынган. Анда Азербайжан БРИКСке кошулуу ниетин билдирген, ал эми Кытай Бакунун бирикме менен кызматташуусун кубаттаган.
Президенттер Владимир Путин менен Илхам Алиевдин кечээки биргелешкен билдирүүсүндө Азербайжандын БРИКС менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкчылыгы бар экендиги айтылган. Документте Москва Бакунун бул аракетин колдой турганы белгиленген.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм. Ага Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери кирет.
ЕАЭБ БРИКС өлкөлөрү менен системалуу диалогду өнүктүрөт