Радио

Каландаров: 138 миң гектар жайыт деградацияга учураган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров өлкөдө 614 миң жайыт кунарсыз экенин айтты.
Sputnik
Туура эмес колдонуунун натыйжасында айылдын жанындагы жакынкы жайыттар деградацияга учураган. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпы 9 миллион гектардан ашык жайыт бар.
"Былтыр, мурдагы жылдары бизде геоботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен 614 миң жайыт кунарсыз деп табылган. Расмий катыбызга 138 миң гектар аянт деградацияга учураган деген жооп алдык. Бул жайытты туура эмес колдонуунун натыйжасында болгон. Деградацияга айылдын жанындагы жакынкы жайыттар учураган. Былтыр ал жерлердин 10 миң гектарына жайыт үрөндөрүн септик. Быйылкы жыл менен 30 миң гектар аянтка үрөн себүү боюнча келишимге кол койдук. Сынак өтүп, бир компания уткан, ал бизге 30 миң гектарга жете тургандай жайыт үрөнүн алып келип берет. Бул президенттин жарлыгы менен жайыттарды жакшыртуу иштерининин алкагында жүрүп жаткан иштер", — деди Каландаров.
Ошондой эле ал жайыттарды жакшыртуу багытында атайын программа кабыл алынгандыгын дагы кошумчалады.