Кыргыз кереметин жараткан киноператор Манасбек Мусаев

Sputnik
Манас Мусаев 1942-жылы 24-апрелде Нарын шаарында төрөлүп, балалыгы Кочкор, Сокулук райондорунда өткөн. КРдин эл артисти "Ак кеме", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Бөрү зындан", "Жалаң эркектер", "Процесс", "Адамдар арасында" өңдүү ондон ашык тасманы камерага түшүргөн. "Ак кемедеги" жогорку кесипкөйлүгү үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Профессор азыр Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жаштарга сабак берип иштеп келет.
Манасбек Мусаевдин чыгармачылыкка кызыгуусу 6-классында атасы алып келип берген фотоаппараттан башталганын, ВГИКке тапшырганда абдан кубанганын эжеси эскерип берди. Ошол эле учурда жумушта да абдан так жана өтө токтоо адам экенин кесиптеши Жали Соданбек билдирди.