Томолой жетим балдарга 500 миң сомдон депозит берүүнүн жол-жобосу

Sputnik
Президент “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.
Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланарын Максат Туларбек кызы белгиледи. Ошондой эле министрлик өлкөдө 2 853 жетим бала жашай турганын билдирди.