Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстандык мугалимдер россиялык кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнөтЛукашенко Зеленскийдин көзүн ким тазалашы мүмкүн экенин айттыУлуттук банк "Кара-Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл" күмүш монетасын чыгардыалдыда кененирээкЫсык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагына кирген бир нече айылды каптаган селдин кесепетин жоюу үчүн 738 киши иштеп жатканын ӨКМден билдиришти. Министрлик бул маалыматтарды кечээ саат 22:30га карата берди.ӨКМдин кызматкерлери баш-аягы 60 үйдү тазалашкан. Ал эми жалпысынан сел 497 үй, бала бакча, ФАП, китепкана, дүкөн жана пансионаттарды каптап кеткен. Анын кесепетин жоюу үчүн 700 адам 59 атайын техника менен иштеп жатканын айтышты. Кечээ жаратылыштын бул кубулушунан 11 дүкөн жана беш пансионат зыян тартканы кабарланган.
Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстан 405,8 долларга 5 тонна 684,3 килограмм алтын экспорттогонун Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. 2023-жылдын ушул мезгилинде өлкө 4 тонна 819,8 килограмм баалуу металл саткан. Алтын алган өлкөлөр: Улуу Британия — 2 тонна 850,8 килограмм; Гонконг — 1 848,5 кг; Швейцария — дээрлик 971,5 кг; БАЭ — 13,5 кг. Талдоо көрсөткөндөй, май айында Улуу Британияга 1,4 тоннадан ашык алтын сатылган.
Улуттук банк бүгүндөн тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарганын кабарлады. Жаңы монетанын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоону чагылдырган "100" деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле "жыл" деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу ак илбирстин сүрөтү, монетанын номиналы "10 сом" жазылган. Жогору жагында Ала-Тоо түшүрүлүп, тегерете "Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет" деген жазуу жайгашкан.Аталган монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сомдон сатылат.
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү академиясы кызматташа турган болду. Документке Кыргыз-Россия билим берүү жарманкесинин алкагында кол коюлду. КББА директору Назира Дүйшеева бул кызматташуунун негизинде россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша тургандыктарын айтты."Мындай келишимге кол коюлгандыгына кубанып жатабыз. Бул макулдашуу биздин биргелешкен иликтөөлөрдүн негизи болот деп ойлойбуз", - деди Дүйшеева.Россиянын билим берүү академиясынын президенти Ольга Васильева алардын окуу жайы КББА менен жакынкы эки жылга биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгууга даяр экендигин айтты.
Беларусь лидери Александр Лукашенко Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов Владимир Зеленскийди жок кылдырып коюшу мүмкүндүгүн "Россия" телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды. "Эгерде буга чейин эмне менен алектенгениң белгисиз болуп саясатка келсең, демек, ага сен даяр эмессиң. Сага акча берип, Англиядан "бош турган үй бар экен, буга сатып ал" дешти. Ал балдары, Алена (Зеленскийдин жубайы Елена — ред.) менен кубанып ошол жерде болот. Сен ал жакта сүйүнбөй эле өз элиңдин саткыны болосуң. Акыры Кирилл Буданов* бирөөнү жиберет да, саткын катары көзүн тазалайт. Мындай нерсени да четке какканга болбойт", — деген Беларусь лидери.