Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Түзүм жыл соңуна чейин 38 миң иш ордун түзүү милдетин алган. Ал эми түзүлгөн жумуш орундарына токтоло турган болсок, "Социалдык контракт" программасынын алкагында — 9, миң 800 жумуш орду түзүлгөн. Ошондой эле 5 миң 800 акы төлөнүүчү коомдук жумуштар жана 446 жеке ассистенттин кызматы түзүлгөн.
Агроөнөр жай комплексинин бирикмелери Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү максатында бир альянска биригишти. Ал президенттин агроөнөр жай комплексин колдоого алуу боюнча жарлыгынын негизинде түптөлдү. Жарлыктын башкы максаты — агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну көздөйт. Жарлыкта негизги беш багыт тандап алынып, бул боюнча аткарылчу милдеттер, пландар коюлган.
Токмок шаарындагы 1997-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди. Маалыматта мамлекеттин үлүшү 30 пайызды түзгөнү менен андан эч кандай дивиденд албаганы айтылат. Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда автобекет мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Менчиктеп алгандар жер тилкеси жана административдик имараты бар 117 миллион сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.
Бүгүн, 20-августта, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринин катышуусунда "Түндүк-2024" мобилизациялык машыгуулары башталат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Иш-чарада аскердик абал кирген маалда аскердик башкаруу органдарынын кошуундарды жана бөлүктөрдү мобилизациялоо боюнча иши, машыгуучу штабдарды даярдоо, ошондой эле күжүрмөн ыкташууну жүргүзүү маселеси практикалык жактан иштелип чыгат. Окуу-машыгуулар 22-августта соңуна чыгат.
Баку шаарында Россиянын президентти Владимир Путин менен Азербайжандын президентти Ильхам Алиев жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн алкагында өлкө башчылары, транспорт, логистика, өндүрүш, энергетика жаатындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Анда Владимир Путин учурда жүрүп жаткан ортодогу соода жүгүртүү менен мүмкүнчүлүктөр дал келбестигин белгиледи. Ошондой эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга Россия көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Алиев өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүгө оң баасын берди.