Министрлик жыл башынан бери өлкөдө 16 миң иш орду түзүлгөнүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомство жыл соңуна чейин 38 миң иш ордун түзүү милдетин алган.
Жумуш орундары:
"Социалдык контракт" программасынын алкагында — 9,8 миң;
акы төлөнүүчү коомдук жумуштар — 5,8 миң;
жеке ассистенттин кызматы — 446.
Мамлекет 2,8 миң жетим балага банктан депозит ачат