5 баллдын ордуна кирчү 10 баллдык система: окуучулардын билими кантип бааланат

Министрлик жаңы система балдардын билимин объективдүү жана өзүнчө карап баалоого мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоо системасы өзгөрүлмөкчү.
Концепциянын долбооруна көз салсак, беш баллдык система 10 балл менен алмашып, балдардын билимин өзүнчө карап баалоого мүмкүнчүлүк берери айтылууда.
Биринчи, экинчи класстарда баа коюлбайт, тагыраагы, окуучуларды баалоо сандык эмес, сапаттык мүнөздө жүргүзүлөт.
Баштапкы класста балдардын окуу жана өнүгүү жыйынтыктары алтынчы класстын аягында негизги сабактар боюнча жыйынтыктоочу аттестация менен бааланат. Бул тесттик текшерүү окуучулардын окуу, жазуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык сабаттуулугун баалоого багытталган.
Орто мектептин деңгээлинде окуучулардын жетишкендиктери 8-класстан кийин белгилүү бир сабактарга же билим берүү тармактарга/предметтерге кызыгуусун жана жөндөмүн аныктоо максатында бааланмакчы.
Бул эки багыт менен бир убакытта каралмакчы:
мамлекеттик жана предметтик стандарттарды өздөштүрүү даражасы (тест, көзөмөл/текшерүү иштери ж.б.);
окуучулардын жеке өздөрүнүн жетишкендиктери (анын ичинде жеке өсүүсүн аныктаган ыкма жана кесипке багыт берүү боюнча тест).
Негизги мектептеги (тогузунчу класс) окутуунун сапаты мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация менен текшерилет.
12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча толугу менен биздин материалдан таанышууга болот.
12 жылдык окуу боюнча алгачкы аттестат качан берилип баштаары айтылды