Селден улам Ысык-Көл районуна да өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Буга чейин селден улам Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жолдор жабылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жүргөн селден улам Ысык-Көл районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын ӨКМ билдирди.
Аймакта кечээ нөшөрлөп жаан жаап, Булан-Сөгөттү, Темир жана Корумду айылдарында сел жүргөн. Ылай суу 100дөн ашык үйдүн короосун, пансионаттарды каптаганы айтылды. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, атайын техника иштеп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин селден улам Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жолдор жабылган болчу.
Ысык-Көлдүн бир нече айылында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Видео