Вейп сатууга жана ташып келүүгө тыюу салган өлкөлөр. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жакынкы чет өлкөлөрдүн ичинен кайсынысында вейпке тыюу салынганы жана дагы канчасында бул маселе көтөрүлүп жатканы боюнча Sputnik Ближнее зарубежье инфографика жасаган.
Анда баш-аягы 18 республика көрсөтүлгөн. Алардын ичинен Абхазияда, Казакстан, Украина, Түштүк Осетияда толук тыюу салынган. Бул тизмеге Литваны (жарым-жартылай) да кошууга болот.
Беларуста мыйзам долбоору каралууда. Кыргызстанда бул жаатта документти парламент кабыл алган, бирок күчүнө кире элек. Россияда толук чектөө боюнча мыйзам долбоору кароого киргизилген.
Кыргызстандагы документке келсек, негизги максат — элдин ден соолугун коргоо, жаштардын организминин өспөй калуусун жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу.
Вейп чеккендерге 10 миң сом (юридикалык жактарга — 60 миң сом) айып салынмакчы. Саткандар 20-65 миң сом төлөмөр болсо, ташып келгендер 150-200 миң сом айыпка жыгылышы же эки жылга чейин эркинен ажыртылышы ыктымал экендигин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Назгүл Абамуслимова айтып берген.
ЖКда электрондук чылымды сатууга, ташып келүүгө тыюу салуу үч окуудан өттү