Караколдо эртеңден тарта "Түндүк-2024" окуу-машыгуулары башталат

Караколдо эртеңден тарта Түндүк-2024 окуу-машыгуулары башталат
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эртең, 20-августта, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринин катышуусунда "Түндүк-2024" мобилизациялык машыгуулары башталат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Иш-чарада аскердик абал кирген маалда аскердик башкаруу органдарынын кошуундарды жана бөлүктөрдү мобилизациялоо боюнча иши, машыгуучу штабдарды даярдоо, ошондой эле күжүрмөн ыкташууну жүргүзүү маселеси практикалык жактан иштелип чыгары айтылган.
Машыгуулардын алдында КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы подполковник Уланбек Осмоналиев жумушчу кеңешме өткөрүп, аткарылган иштер тууралуу отчетторду укту.
Окуу-машыгуулар 22-августта соңуна чыгат.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери аскердик машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт