Токмоктогу менчикке берилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Токмок шаарындагы 1997-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.
1 / 2

Токмок шаарындагы 1997-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди

2 / 2

Маалыматта мамлекеттин үлүшү 30 пайызды түзгөнү менен андан эч кандай дивиденд албаганы айтылат

Маалыматта мамлекеттин үлүшү 30 пайызды түзгөнү менен андан эч кандай дивиденд албаганы айтылат.
"Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда автобекет мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Менчиктеп алгандар жер тилкеси жана административдик имараты бар 117 миллион сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен", — дешти УКМКдан.
Ысык-Көл: Караколдогу 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекетке өттү