Ысык-Көлдүн бир нече айылында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Видео

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Уланбек Далиев сел жүргөн аймактардагы абалды көрүп, жыйын өткөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Темир жана Корумду айылдарында, Тоң районунун Ак-Сайында сел жүргөнүн ӨКМ кабарлады.
Маалыматта жерине жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Каракол шаарынан беш куткаруучу тартылганы айтылган. Авариялык куткаруу унаасы мотопомпа менен иштеп жатат.

"Бүгүн эртең менен президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Уланбек Далиев сел жүргөн аймактардагы абалды көрүп, жыйын өткөрдү. Анда кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүү жана кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Селден улам Ысык-Көлдүн эки районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жолдор жабылды