Россия сала турган 9 мектептин үчөө жакында курула баштайт

Бир жыл мурун эки президент алгачкы үч мектептин курулушуна капсула салган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия куруп берүү милдетин алган тогуз мектептин үчөө жакын арада салына баштайт. Бул тууралуу Россия президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков билдирди.
Россия президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков
Ал учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан Билим берүү боюнча кыргыз-россиялык жарманкеде сүйлөгөн. Рыбаков мектептердин курулушуна капсуланы былтыр эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин салганын белгиледи.
"Россия менен Кыргызстандын илим жана билим берүү жаатындагы байланышы абдан бекем. Алаканы өнүктүрүү, жаңы деңгээлге чыгаруу маселелери эки өлкө лидерлери Владимр Путин менен Садыр Жапаровдун талкуусунун негизги өзөгү болуп келет. Биздин алдыңкы долбоорлорубуздун бири — орус тилинде окуткан тогуз мектеп куруу. Бир жыл мурун эки президент алгачкы үч мектептин курулушуна капсула салган. Жакын арада Баткен, Каракол жана Бишкекте мектептердин курулушу башталат", — деди Рыбаков.
Ал мындай татаал долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын белгилеп, көңүл чордонунда болорун кошумчалады.
Байсалов: орус тилин билгенибиз — биздин башкы артыкчылыгыбыз