БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия арасындагы билим берүү жарманкесинин алкагында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өттү.
Иш-чарага катышкан лицейлердин биринин өкүлү тигүүчүлөрдү даярдай тургандыктарын айтып беришип, ага кошумча өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарды көрсөтүштү.
Жарманкенин максаты — тажрыйба алмашуу, билим берүү жана илим жаатындагы идеялар, алдыңкы технологиялар, ыкмалар менен бөлүшүү.