Рыбаков: Россия билим берүү жаатында дайым Кыргызстанды колдойт

РФ президентинин иш башкармалыгынын өкүлү республикадагы өзгөрүүлөргө басым жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанды билим берүү жаатында дайым колдоого алат. Бул тууралуу РФ президентинин аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков Кыргыз-Россия билим берүү жарманкесинде билдирди.
РФ президентинин аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан иш-чаранын алкагында Россиянын алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрү катышкан 130га чукул лекция, семинарлар, мастер-класстар пландаштырылганын белгиледи. Рыбаков өз сөзүндө 2030-жылга чейин КРСУнун жаңы кампусун ишке берүү мерчемделип жатканын кошумчалады. Анын айтымында, курулуш окуу жайдын бейнесин өзгөртүп, билим берүү рыногунда алдыңкы сапка чыгарат.
"Жарманкенин катышуучуларына ыраазычылык билдирем, биз бул жакка билим берүүдөгү мыкты саамалыктарыбызды алып келдик. Кызыгуу туудурат деп үмүт артабыз. Россия Кыгызстанды дайым колдойт, өлкөнүн билим берүү тармагында ири өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап келебиз", — деди Рыбаков.
Россия сала турган 9 мектептин үчөө жакында курула баштайт