Министр: биз орус тилин мыкты билебиз, анткени Пушкинди окуганбыз, окуй беребиз

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан менен Россия өткөрүп жаткан билим берүү жарманкесине РФтин алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстан заманга төп келген, майнаптуу жана сапаттуу адам капиталын түптөп, аны өнүктүрүшү үчүн бардык мыкты жетишкендиктерди өздөштүрүшү керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-россиялык билим берүү жарманкесине катышууда. Иш-чараны Россиянын Агартуу министрлиги, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштурган. Жарманке эки өлкөнүн илимй жана билим берүү багытындагы ийгиликтерин популяризациялоого багытталган.
Кендирбаева иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, Россиянын 150 жогорку окуу жайынын жана инновациялык борборлорунун ректорлору катышып жатканын белгиледи.
"Биздин бүгүнкү максат — билим алуунун чеги жок экенин көрсөтүү. Заманга төп келген, майнаптуу жана сапаттуу адам капиталын түптөп, аны өнүктүрүү үчүн бардык мыкты жетишкендиктерди өздөштүрүшүбүз керек. Биз орус тилин мыкты билебиз, анткени Пушкинди окуганбыз, мындан ары да окуй бермекчибиз", — деди министр.
Ысык-Көлдө Кыргыз-Россия алакасын даңазалап түндүк көтөрүлдү. Видео