Өлкөнүн фермерлери агроөнөр жай секторун өнүктүрүү максатында союзга бирикти

Альянс президенттин агроөнөр жай комплексин колдоого алуу боюнча жарлыгынын негизинде түптөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Агроөнөр жай комплексинин ассоциациялары Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү максатында альянска биригишти.
Ишкерлердин жасап жаткан аракети төмөнкүлөргө багытталмакчы:
ар бир тургундун активдүү жана сергек жашоо образы үчүн коопсуз азык-түлүктү тиешелүү көлөмдө жана ассортиментте ала алгыдай болушу;
өз күчү менен элдин негизги азык-түлүк керектөөсүн камсыздоо;
өндүрүп жаткан ар бир этапта азык-түлүктүн коопсуздугун жана жогорку деңгээлдеги бардык стандарттарын сактоо;
айыл чарбасынын, кайра иштетүү өнөр жайынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин болушунча азайтуу, жаратылыш байлыктарын сактоо;
агроөнөр жай комплексинде заманбап технология менен жаңычылдык ыкмаларды терең киргизүү;
жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн мамлекеттин (жер, финансы ж.б.) ресурстарын бириктирүү;
жергиликтүү адистерди даярдоо жана алардын тажрыйбасын арттыруу.
Альянс президенттин агроөнөр жай комплексин колдоого алуу боюнча жарлыгынын негизинде түптөлдү.
Жарлыктын башкы максаты — агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну көздөйт. Жарлыкта негизги беш багыт тандап алынып, бул боюнча аткарылчу милдеттер, пландар коюлган.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө мөмө-жемиш экспортун кыйла көбөйттү