Нарын: шаарга чукул жердеги үрөй учурган автокырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт

Жол милициясынан жаракат алгандар да бар экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нарын шаарына кирип бараткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.
Трассада фура менен Mercedes-Benz Sprinter кагышып, бус чачырап кеткен.
"Алдын ала маалыматтарда бир адам көз жумган, жабыркагандар бар", — дешти алар.
Жол милициясы калган жагдайларды тактап жатат.
Көлдө кызмат учурунда автоунаа сүзүп кеткен автоинспектор Бишкекке жеткирилди