Радио

Кулов: мораторий киргенде текшербейт деп эреже бузган ишканалар болду

Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектору Азамат Кулов бир айда 300дөй ишкердик субъект текшерилгенин айтты.
Sputnik
Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Азамат Кулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга жалпы 500 миң сомго жакын айып салынган.
"Жыл башында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ишкердик субъектилерди колдоо максатында мораторий кирген. Бирок 2024-жылдын 14-мартында кайра өзгөртүү киргизилип, тамак-аш коопсуздугун текшерүү максатында бизге уруксат берилген. Ошондуктан 2024-жылдын III кварталынан баштап тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу текшерүүлөр жанданды. Бир айдын ичинде пландуу текшерүүнүн алкагында болжол менен 300дөй ишкердик субъект текшерилди. Ага чейин, плансыз деп коёбуз, арыздардын негизинде текшерүүлөр жүрүп, айыптар салынган. Мына ушулардын баары биригип, жыл башынан бери 500 миңдей айып салынды. Негизи бизде баланча айып пул салынышы керек деген план жок. Биз жазалоочу кызмат эмеспиз. Текшерип баштаганда кеп-кеңеш айтабыз, алгач акт түзүлгөндө оңдоп койгула деп көрсөтмө беребиз. Анын ичинен оңдой албай калгандар болот, ошолорго айып салынат. Мораторий алгач киргенде бизди текшербейт деп, талаптарга жооп бербеген ар кандай иштерди кыла баштагандар дагы болду. Эми арасында бар, баары ушундай деп айта албайм. Муну көзөмөлдөп туруш үчүн пландык текшерүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек", — деди Кулов.
Ошондой эле ал III кварталда пландуу текшерүүнүн алкагында 1 290 ишкердик субъект текшерилерин кошумчалады.