БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Биз тарыхый этапты басып өттүк, өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 миллиард сомду (13 млрд 981 млн АКШ доллары) түздү. Бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору экенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ал адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзгөнүн, 2020-жылы ал болгону 1 230 доллардын тегерегинде болгонун кошумчалады.
"2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7 пайызды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6 пайызга өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт. Дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы өлкө ичиндеги ийгиликтерге токтолду.
"Миңдеген чакырым жол салынып, жүздөгөн мектептер ачылууда, жолчулар, энергетиктер үчүн атайын техникалар сатып алынууда, ӨКМ жана шаарлар коомдук транспорт менен камсыздалып жатат, бардык аймактарда аэропорттор курулуп, өлкө вертолеттор жана самолеттор менен камсыз болду", — деди Жапаров.
Төрага сандар менен иштөөнү билип, ал аналитикалык курал жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болушу керектигин белгиледи.
"Сандардын артында эмне турганын жакшы түшүнүшүбүз керек. Кайсы тармактарда эң көп өсүш байкалууда, кайсы аймактар ИДПнын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатат жана мындан аркы өнүгүү үчүн күч-аракетибизди кайда топтошубуз керек, ушунун баарын сандар көрсөтүп берет. Биз чыгарган тыянактар мындан аркы аракеттердин негизин түзүшү керек", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "Кыргызстан акырындык менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка "лигасына" өтүп бара жатканын, ошого жараша эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү да сөзсүз түрдө өзгөрөрүн" кошумчалады.