Көлдөгү сел 380 үйдү, дүкөн, пансионаттарды каптады. Видео

Селдин кесепетин жоюуга 350дөн ашыгыраак адам атайын техникалар менен чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөн, беш пансионатты каптаганын аталган облустун администрациясынан билдиришти.
ӨКМдин маалыматында Булан-Сөгөттү айылында ташкындаган суулар "Ысык-Көл Аврора" санаторийинин, "Аврора +" эс алуу борборунун аймагын каптаган.
Селден Корумду айылы көбүрөөк жабыркаган. Ылай суу 300гө, 5 дүкөнгө, "Симирам" жана "Нептун" эс алуучу жайларына кирген.
Окуяга күбө болгондор "Karven Ысык-Көл" эс алуу борборуна жайылганын айттышты.
Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын ӨКМ билдирген.
Селдин кесепетин жоюуга 350 адам атайын техникалар менен чыкты.
Ысык-Көлдүн бир нече айылында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Видео