Өзгөндө эркек кишинин бычылган окуясы. Айыпкер тергөө абагынан пробацияга чыкты

Кийин аял жабырлануучу менен эч кандай байланышы болбогонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өзгөн районунун Куршаб айылында аялына келип жүргөн деген шек менен эркек кишини бычып салган адам пробацияга алынып, тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук соту билдирди.
Эскерте кетсек, жүрөк үшүн алган окуя былтыр күзүндө болгон. 44 жаштагы тургун аялына келип жүрөт деп теңтушун бычып туруп, электр мамычасына байлап салган. Кийин аял соцтармакта кайрылуу жасап, жабырлануучу менен эч кандай байланышта болбогонун айткан.
"Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен иш козголуп, беш жылга эркинен ажыратылган. Сот аны үч жылдык мөөнөткө пробацияга алып, абактан бошотту. Соттун чечими 31-майда чыккан, өкүм күчүндө, даттануу болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад: күйөөсү кош бойлуу аялын жылаңачтап сабаган. Милиция окуя тууралуу