"Ысыкта оор жүк менен шаарга чыгышкан". Бишкекте 64 айдоочу айыпка жыгылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкекте аптапта эреже сактабай, көчөгө оор жүк ташыган машиналар менен чыкканы үчүн 64 айдоочу айыпка жыгылганын мэриядан билдиришти.
1-июнь-19-август аралыгында бул жааттагы атайын буйрукту этибарга албагандар аныкталган.
Эске салсак, күн 28 градустан өйдө ысып кетсе Бишкектин ичинде 18 тоннадан ашык жүк менен саат 10:00дөн 19:00гө чейин жүрүүгө тыюу салынган.
"Бул эрежени сактабагандыгы үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга протокол түзүлүп, 342 200 сомдук айып салынды", — деп айтылды маалыматта.
Бишкекте жаңы бүткөн жолдордун бир катарларынын сапаты, тагыраагы, төшөлгөн асфальттын чөгө баштаганы боюнча видео тарап, ал шаардыктардын кызуу талкуусун жараткан. Бул боюнча мэрия өзүнүн түшүндүрмөсүн берген.
Андан сырткары, буга оор автоунаалардын жүрүшү да өзүнүн "жардамчы" болгонун белгилешкен.
Тагыраагы, "ысыкта асфальт эмес, мээлери эрип калганын" айткан вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Бишкектеги жаңы оңдолгон жолдордун кайрадан бузула башташына себептердин бири катары ысыкта "автоунаалар, оор автобустар" жүрүп жатканын да айткан эле.
Радио
Ырсалиев: Бишкектин көчөлөрүнө сапаты мыкты асфальт төшөлүүдө