БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын билим берүү стандарттары, окуу процессине жана окуу китептерине болгон мамиле бири-бирине дал келип, бири-бирин толуктап туруусу маанилүү. Бул тууралуу Россиянын агартуу министринин орун басары Александр Бугаев Кыргыз-Россия билим берүү жарманкесинде айтты.
Ал эки өлкөнүн кызматташуу тарыхы өтө терең экенин белгилеген.
"Флагман боло турчу долбоорлор бар. Алардын бири — биргелешип жасаган иштин символуна айлануучу тогуз мектептин курулушу. Мектептер курулат, бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Анткен менен мында башкысы — төрт дубал эмес, ошонун ичинде жүрө турган мугалим. Кыргызстанда "Чет жактагы россиялык мугалим" долбоору боюнча россиялык билим берүү системасынын 116 өкүлү иштеп жатат. Бул дагы чек эмес. Табигый илимдер менен байланышкан долбоорлорубуз бар, бул учурда россиялык билим берүү системасынын артыкчылык берген багыты болуп турат", — деди Бугаев.
Министрдин орун басары россиялык системанын бөлүшө турган нерсеси арбын экенине токтолгон.
"Ысык-Көлгө өнөр жай мектептери менен "Сириус" университетинин өкүлдөрү келишти. Алар билими менен бөлүшүүгө даяр. Биздин билим берүү стандарттарыбыз, окуу процессине жана окуу китептерине жасаган мамилебиз бири-бирин толуктап турушу маанилүү. Бул азыр артыкчылыктуу багыт", — деди Бугаев.