Радио

Адылова: тарбиянын жетишсиздигинен балдар кылмыштуулугу азайбай келет

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын балдар иштери жана көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысы Нуржан Адылова ата-эне баласына өз учурунда көңүл бурбай, кылмыш жасаганда күнөөлүүнү издеп каларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда алты айдын ичинде балдар арасындагы кылмыштуулук 5,8 пайызга, ал эми балдарга карата зомбулук 17,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга балдарга үйдөн тиешелүү тарбиянын, ата-эне көзөмөлүнүн жетишсиздиги себеп болуп жатат.
"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө балдар арасында кылмыштуулук катталууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу алты айдын ичинде балдар тараптан жасалган кылмыштар 5,8 пайызга өскөн. Ошондой эле аларга карата зомбулук 17,7 пайызды түздү. Булардын көбүнчөсү — мүлк уурдап же тоногондор. Ал эми балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөтүү фактысы былтыркы жылга салыштырмалуу 65,3 пайызга азайган. Муну аябай жакшы көрсөткүч деп айта албайбыз. Бирок салыштырмалуу 210дон 127 учурга кыскарган. Үй-бүлө коопсуз жай дейбиз. Тилекке каршы, соңку жылдары кооптуу болуп баратат. Наристелер, өспүрүмдөр өзүнүн туугандарынан зомбулук көрүүдө. Көпчүлүгү өгөй ата-эне тарабынан сабалууда. Ар бир ата-эне өз баласына жашоонун жакшысын каалайт. Бирок экинчи-үчүнчү турмуш курууда балдар запкы жеп жатканын моюнга алышыбыз керек. Биз кылмышка социалдык абалы начар үй-бүлөнүн балдары барат деп ойлойбуз. Жок, андай эмес. Жакшы тургандардын балдары да кылмыш кылат. Буга үйдөгү тарбиянын жетишсиздиги себеп. Бүгүнкү күндө ата-эне баланын кийимине, курсагына, билимине гана көңүл бурууда. Бала менен мамиле кылып, баарлашып, анын көйгөйүн укпай жатат. Ошондуктан өспүрүм мунун баарын сырттан издөөдө. Ал өзүн уккан туура эмес чөйрөгө аралашып, кылмыш жасайт. Мындай учурда ата-эне бири-бирин же мамлекеттик кызматкерлерди күнөөлөп жатат", — деди Адылова.
Ал ушул жылдын февраль-март айларында ИИМдин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" форуму өткөнүн, анын негизинде балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо үчүн жер-жерлерде алдын алуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.