20-августка карата аба ырайы

20-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 20-август, шейшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +31...+33 градуска жетсе, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чамалап барат.
Эми 40 градус ысык болбойт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу