Транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтаруу сунушталды. Тиешелүү токтомду Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Учурда жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар, тез жардам, өрт өчүргүч сыяктуу бир катар транспорттор мезгил-мезгили менен милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтөт.
Өлкөдө автоунааларды милдеттүү техникалык кароодон кантип өткөрүү керектигин Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов жана ИИМдин ЖКККББнынтехникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору, милициянын улук лейтенанты Авазбек Шүкүрбеков түшүндүрдү.